super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Бакиров: "Президент "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деген сөздү жакшы ойдо айтса керек"

 

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна депутат Мирлан Бакиров жооп берди.

Эл өкүлү мамлекет башчынын бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек деген чакырыгын кубаттай турганын айтты.

"Бул нерсени президент жакшы ойдо, жакшы ниетте айтса керек. Биримдик деген - бул консолидация деген түшүнүк. Бул мамлекеттик стратегиялык маанилүү маселе болгондо үч бийлик бутагы ар тарапка тартпай биримдикте болсок, өнүгүү, ийгилик тез келет деген үмүттө айтылган сөз катары кабыл алам. Президенттин сөзүн коңшу мамлекеттерди карап бир муштум, бир тилек, бир билек болуп кыска убакыт ичинде өлкөнү алдыга жылдырсак деген ой-пикирде кабыл алам. Бул чакырыкты кубаттайм", - дейт Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, юрист Нурбек Токтакунов, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунованын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: