super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Санкт-Петербургда казакстандык кесиптеши менен жолугушуу өткөрдү

 
Кечээ ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков менен казак парламентинин төрагасы Нурлан Нигматуллин 22-ноябрь күнү Санкт-Петербург шаарында жолугушту. Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык мамилелеринин келечеги талкууланды. Казак Мажилисинин төрагасы Н.Нигматуллин төрага Асылбек Жээнбековду Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү жүрүмүндө Казакстан колдоо көрсөтө тургандыгына ишендирди. Кошумчалай кетсек, төрага Асылбек Жээнбеков баш болгон ЖКнын айрым депутаттары Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан ЕврАзЭБдин Парламент аралык ассамблеясынын (ПАА) Бюросунун, КМШнын ПААнын Кеңешинин, ошондой эле ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйындарына жана КМШнын ПААнын пленардык жыйынына, “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” эл аралык конференциясына катышууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: