super.kg logo
  Саясат  

Ханзаада Уильям уулдуу болду. Британия элинин кубанычы чексиз

 
Ханзаада Уильям жубайы Кейт Мидлтон менен
Мураскердин төрөлүшү тууралуу расмий маалымат. Эне-баланын абалы жакшы
Британиялыктар ханзаада Уильямдын уулдуу болгонуна чексиз кубанышууда
Букингем сарайынын алдына мураскердин төрөлгөн сааты, салмагы жазылган документ илинген
Ымыркайдын төрөлүшүн британиялыктар ушинтип күтүштү

Британиялык ханзаада Уильям уулдуу болуп, өзү, жакындарынан тышкары британия эли кубанычка бөлөнүүдө. Ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон 22-июлда көз жарып, ымыркайдын салмагы 3,79 килограмм болуп төрөлгөн. Дарыгерлердин айтымында, эненин жана ымыркайдын абалы учурда жакшы. Кызыгы, төрөткө ханзаада өзү катышып, мураскерлүү болгонуна абдан кубанганын жашыра алган эмес. Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон биринчилерден болуп бактылуу ата-энени куттуктаганга жетишкен. Ал интернет баракчасына: “мен герцог жана герцогиня үчүн абдан кубанычтамын. Бул жагымдуу окуяны бүт өлкө майрамдайт. Алар эң жакшы ата-эне болушат”- деп жазды. Учурда англиялыктар арасында баланын ысымы тууралуу көптөгөн сөздөр айтылууда. Ал гана эмес букмекердик контораларда ысым тандоо үчүн атайын акчалар сайылууда. Ал эми болочок мураскерге коюлган ысымды биринчилерден болуп Улуу Британиянын ханайымы Елизавета || билмекчи. Ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон бир нече апта өз үйүндө жашайт, бала багуучунун кызматынан баш тартты. Себебин ал жакындарынын арасында өзүн бир кыйла эркин сезери менен түшүндүргөн. Ымыркай төрөлгөн соң Букингем сарайынын алдына мураскердин төрөлгөн сааты, салмагы жазылган документ илинген. Учурда аны көрүүгө миңдеген жергиликтүү тургундар келүүдө. Ханзаада Уильямдын уулдуу болушуна байланыштуу Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Лондондо фейерверк аттырылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: