super.kg logo
  Спорт  

ФИФА: "Кыргыз курамасы Азия континентинде мыкты дебют жасады"

 

Эл аралык футбол федерациясы ФИФА кечээ, 4-февралда Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия чемпиондугу боюнча жыйынтык чыгарып, мекеме өзүнүн расмий сайтына кенен макала даярдаган.

Макалада мелдештин жеңүүчүсүнөн тышкары фавориттер, оюнчулар жана Кыргыз улуттук курама командасы жөнүндө жазылган.

ФИФА бул макалада "Маанилүү учурлар" деген бөлүктө 3 курама команда тууралуу жазган, алар Кыргыз, Оман жана Вьетнам курама командалары.

"Кыргыз курамасы Азия континентинде мыкты дебют жасады. Тайпалык баскычтын биринчи турунда Кытайга жеңилип калган, бирок андан кийин Виталий Люкс Филиппинге каршы беттеште хет-трик жасады. Андан кийин Орто Азиянын командасы БАЭ курама командасын жардын кырына жеткирип, татыктуу каршылык көрсөттү", - деп жазылат макалада.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан. Ал эми Азия Кубогунун финалында Япония менен Катар курама командалары кездешип, Катар курамасы япониялыктарды 3:1 эсебинде жеңип алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
05.02.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Акшумкарым Акшумкарым,сен менин сыйынарым.
05.02.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
voennyi88, Астагфирулла! Сыймыктанарым деңизчи тууган. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок!
05.02.2019. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тфуу Миндин да катачылыгыны жазып койбоптур
05.02.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Денем титиреп окудум .
05.02.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Судья акмак болбогондо мындан да коп жакшы жанылыктар болмок
Бирок шугур кейигенде пайда жок
05.02.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Modric10,Судьяга ишенбей озубуз утушубуз керек болчу!!! канча момент болду,колдоно албай койдук!!!
05.02.2019. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Patoshik1,сен колдоно албай койдунбу не?
06.02.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак Шумкарлар азамат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: