super.kg logo
  Саясат  

"Иш жүзүндө эч нерсе аткарылган эмес" деген өкмөт башчы чиновникке сөгүш жарыялап, орун басарларын кызматтан бошотту

 

Премьер-министр Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарланды. Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Осмонбетовдун орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди ээлеген кызматтарынан бошотту.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата сын айтылгандыгы жазылат маалыматта.

"Өлкөбүздүн жаратылыш байлыктары – бул элибиздин байлыгы. Муну эске алуу менен мамлекеттин башкы милдеттеринин бири улуттук кен байлыктарды өлкөнүн кызыкчылыгында рационалдуу пайдалануунун натыйжалуу тутумун куруу болуп саналат. Бирок тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турат. Буга ведомствонун жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу, туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер дагы күнөөлүү. Өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп алар ачык саботажга чейин жетишүүдө", – дейт Абылгазиев.

Премьер-министр эскерткендей, Эмил Осмонбетовдун алдында тоо кен өнөр жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган мамлекеттин, ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.

"Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес. Мен жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну, берилген лицензияларды инвентаризациялоону, иш жүзүндө канча объектте иштер жүргүзүлүп жатканын талдоону, пайдалуу кендерди казып алуунун натыйжалуулугун жана экологиялык, техникалык талаптарга дал келүүсүн карап чыгууну тапшыргам. Мисалы, кен объекттерине болгон 2 миң 711 лицензиянын 2 миң 475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткара алган жоксуңар.

Мындай коррупцияга баткан аткаминерлердин айынан коомдо бийликтин дарегине нааразычылык айтылып жатат", - деп сындаган аталган мекеменин ишин өкмөт башчы.

Ошондой эле билдирүүдө Абылгазиев кыска мөөнөттө топтомдуу иштерди жүргүзүп, коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырганы жазылат. Айтымында, алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилиши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: