Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы? ИИМдин түшүндүрмөсү
Бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилери Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, министр Кашкар Жунушалиев 2018-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 7 мүчөсү кармалганын айтты. Бирок алардын аты-жөнүн атаган эмес. Суроо-жооп учурунда журналисттер "учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы?" - деген суроону беришти.
Министр Жунушалиев: "Депутат болом дегендердин маалыматы министрликтин маалымат борбору тарабынан текшерилип, андан кийин маалым кат берилет", - деп жооп кайтарды.
Ал эми анын орун басары Мирлан Каниметов кимдир бирөөнү соттун чечими жок уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп атоого болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, ички ыкчам иштерди жүргүзүү максатында ИИМдин өзүнө гана тиешелүү тизме болот.
Каниметов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип кармалган 7 адам Орусиянын Москва шаарынын, Нарын облусунан жана башка район борборлорунун, шаарлардын кримтөбөлдөрү болушканын кошумчалады.



1 |