super.kg logo

Кырк чакты журналист министр Кашкар Жунушалиевге нааразы болду

 

Бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калып нааразы болду. Жыйында суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип жатты. 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берсе, дагы кырктан ашык журналистке суроо берүүгө убакыт жетпей калды. Суроо берген журналисттердин көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болду.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерди туура түшүнүү менен абалды оң кабыл алууга чакырды.

"Жалпы алтымыштан ашык журналист келди. Суроо берүүгө каттоого алынгандардын ичинен 16сы гана жетишип калды. Туура түшүнүңүздөр. Кандай гана суроо болбосун комментарийлерди берүүдөн биз баш тарткан эмеспиз. Жооп алууга жетишпей калгандар сурооңуздарды бизге жиберсеңиздер биз жооп беребиз", - деди Сеитов.

Белгилей кетсек, ИИМ жетекчилеринин буга чейинки маалымат жыйындарында кол көтөргөн журналисттер суроо беришчү.






Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйынында журналисттер нааразы болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.02.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул орунга татыксыз экенин баары билет. Кантип иштеп журот тан калам да.
06.02.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистердин суроосунан корккон адам министр. Болгондо да ИИМ.
25.02.2019. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабатсыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: