Колундагы папкасын аны көздөй ыргытып... Мэриядагы чиновниктер жаңжалдаша кетишти
Бишкек шаардык мэриясынын "Жашылдандыруу" ишканасынын жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери жаңжалдаша кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.
Анын айтымында, жаңжал жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу кыйылуусу каралып жаткан дарактардын айынан чыккан.
"4-февралда өткөн мэриянын пландык жыйынынан кийин Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасынын жетекчиси Эльнура Жолдошева менен Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Азыгалиев экөө менин кабинетимде кыйылышы мүмкүн болуп жаткан дарактарды талкуулап жатышкан. Бир убакта эле экөө уруша кетишти. Жолдошева "кандайча кыйыла турган дарактардын саны 4 миң болуп кетет?" деп колундагы папкасын Азыгалиевди көздөй ыргытып жиберди. Азыгалиев өз кезегинде Жолдошеванын колун кармап калды. Мындан сырткары жетекчи айым "кыйыла турчу ар бир дарактын түбүнө туруп алам" деди.
Биз аларды ажыратып, маселесин уруш-талашсыз чечүүгө чакырып, элдештирдик", - деди Алмамбетова.
Белгилей кетсек, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Азыгалиев мэриянын пландык жыйынында жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 4 миңдей дарак кыйылышы мүмкүн экенин билдирген.








1 |