super.kg logo

Депутат унаанын сыртындагы жарнама же жазуу үчүн айып пул салуу туура эмес экенин айтты

 

Депутат Дастан Бекешев унаанын сыртындагы жазуу үчүн айып пул салуу туура эмес экенин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

"2018-жылы Караколдун тургуну унаасында "кумшекер сатылат" деген жазуу үчүн айып пул салганын айтып кайрылган. Болбогон жазуу үчүн айып пул салуу туура эмес. Кандай учурда айып пул салынат? Аны төлөбөө үчүн айдоочунун жанында кандай документтери болушу керек? Түшүнүксүз нерселер көп", - деди Бекешев.

Буга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов транспорттук каражатка атайылап кандайдыр бир жазууну же жарнаманы чаптаткан айдоочу жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

"Транспорттук каражатка жарнама атайын чапталган болсо айдоочу жооптуу болот. Эл аралык нормага ылайык, эгер айдоочу кандайдыр бир жазуусу бар же унаасына жарнама жайгаштырылып өлкөдөн чыга турган болсо кыйынчылыктарга туш болот. Бүгүнкү күндө Индия менен Пакистанда гана унааларга жарнама жайгаштырууда эч кандай чектөө жок. Ал эми биздин өлкөдөгү киргизилген чектөөлөр унаа жарнаманын объектисине айланбоосун көздөйт. Унаанын алдыңкы жана арткы бөлүгүндө кандайдыр бир жазуу болууга болбойт", - деди ал.

Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.02.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жадаттыңар силер. Унааларга жарнак чаптоого уруксат бериш керек.
05.02.2019. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Унаасы менчик чаптаса чапай берсин. Сенин уйунун терезесине чаптагансып айып пул салабыз дейт
05.02.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХХ элди жон койбу ХХХХ. Ал озунун машынасы кааласа озунун суротун чаптап алат. Кааласа миксир менен бетон куйдуруп алат ичине,силердин эмне ишинер бар?
Арам акча менен бала чаканы бакканынар туура келбейтго.
Модератор admin_media түзөттү 2019-02-05 22:21:54
05.02.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге тийбегиле, эл эптеп тирилик кылып жатышат.
06.02.2019. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нагизи болбойт. Жарнаманы карайм деп башка айдоочулар алагды болуп кырсыка кабылышы мүмкүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: