Казакстанда өрттөн көз жумган 5 кыздын сөөгү жерге берилди (сүрөт)






4-февралга караган түн ичинде Астана шаарындагы Сарыарка районунда эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыгып, тынч уйкуда уктап жаткан Альбина, Алина, Элина, Сабина жана Бахыт аттуу 5 кыздын өмүрү кыйылган. Тилсиз жоо түнкү саат эки жарым чамаларында чыгып, бир тууган кыздарды куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Алардын улуусу 12 жашта болсо, эң кичүүсү 3 айлык болгон.
Бүгүн, 5-февралда маркум кыздардын сөөгү жерге берилди. Коштошууга миңден ашык адам катышып, баары бирдей көздөрүнө жаш алышты. Тажыяны өткөрүүнү жергиликтүү бийлик колго алган.
Ал эми учурда 5 кыздын өмүрүн алган тилсиз жоо үйдө күйүп жаткан мештен чыкканы айтылып жатканы менен, так себеби аныктала элек.
Казакстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, атасы унаа оңдоочу жайда иштеп келсе, апасы болгону эки күн мурун пластикалык карта чыгарган заводго жумушка орношуп, ошол түнү экөө тең жумушта болуп калышкан.
Үй-бүлөнүн жакындары алар жергиликтүү бийликтен батир сурап келишкенин, батир берилип калса аман калышмак деп айтышууда. Бирок жергиликтүү бийлик бул үй-бүлө эч качан батир маселеси боюнча жардам сурап кайрылбаганын белгилөөдө.
Казакстанда үйдөн өрт чыгып, уктап жаткан 5 кыздын өмүрүн алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Ата-энеси кантти экен,Кудайым ата-энесине сабыр берсин,кыздардын жайын жаннаттан кылсын.
Журогум сыздап кетти окуп алып(((((
Бул да болсо кээ бир адамдарга сабак болчудай, кызы көптөр "уулум жок"-деп, уулу коптор "кызым жок"-деп эч качан наалыбагыла, баары кудайымдын бергени.Коп коруп жаткан болсонор кудайым бир заматта,жокко го чыгарып коюшу мүмкүн.