Малайзия: "Рамазан айында интернет аркылуу мусулмандарды шылдыңдады" деп күнөөлөнүп 2 адам камалды
Малайзияда "Рамазан айында интернет аркылуу мусулмандарды шылдыңдады" деп күнөөлөнүп 2 адам убактылуу камакка алынды. Өлкөнүн ММКлары 22-июлда жарыялагандай, 20 жаштагы этникалык кытайлар Алвин Тан жана Вивиан Ли өздөрүнүн интернет баракчасына чочконун этин жеп жаткандагы сүрөттөрүн илишип, мусулмандарды Рамазан айы менен куттукташары тууралуу пикир жазышкан. Малайзия бийлиги муну мазактоо деп таап, 2 жаранды убактылуу кармоочу жайга камады. Сотто айыпталуучулар бул жоруктары тамаша экендигин айтышып, кепилдик менен аларды боштондукка чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок бул сунуш орундалган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

