super.kg logo

Ирландияда модель өз жанын кыйды. Буга анын хейтерлеринин шылдыңдаганы себеп болгону айтылган

 
Ирландиялык 37 жаштагы Элли Макдоннелл аттуу модель буга чейин Ireland AM аттуу телешоу берүүсүнө катышып, аутизмден жабыркаган балдардын укугун коргоп келген. Анын жансыз денесин өзүнүн интернет баракчасына билдирүү жазгандан кийин бир нече сааттан соң табышкан.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө бейтааныш эркек аны дайыма ар кандай жол менен шылдыңдап жүргөнүн, хейтердин бул кылганы анын кыжырын келтирип жатканын жазган.
"Эмнеге эркек аялды семиз, ырайы суук деп атайт? Чынында адамды жарга такоонун жаңы ыкмасы", - деп да жазган модель өзүнүн билдирүүсүндө.
Кийин анын ал адам менен жазышуусун текшеришкенде хейтерге өзүнүн дарегине карата айтылып жаткан кемсинткен сөздөрдү элге жарыялайм деп убада бергенин окушкан. Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Элли Макдоннеллдин жакындары аны шайыр, акылдуу аял катары гана билерин, жанын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.
Элли Макдоннелл 4 баланын апасы, ал балдарын жалгыз тарбиялап, көп убактысын балдары менен өткөргөндүгү жазылат маалыматта. Балдарынын улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта. Эң кичүү баласынын дарыгерлер аутизм илдети менен ооругандыгын аныкташкандан кийин модель аутист балдардын укугун коргоо менен алектене баштаган.
"Ал балдарына абдан камкор эне болчу. Көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап, аутист балдарга колдон келген жардамын берчү. Бул биз үчүн чоң жоготуу", - деген "Ирландиядагы аутизм" уюмунун директору.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
06.02.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оз жанын кыйгандар бир олмок турсун мин олсун. Кээ бир адамдар жашоого зар болуп же оло турган оюу жок жерден шум ажал колдон жулуп кетип жатат. Жашоого тойгон адамдар гана олуп жашайм деген адамдар олбой турган болсочу арман кунай.
06.02.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Семиз деле эмес экен го ,сенин сөзүңө ......деп эле жашай бербейби десең.
06.02.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек бул ушул семиз дегенде ушундай болсо,Анжелика качан эле тынчыш керек экен эле
06.02.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,Анжеликаны тынчытып эмне кыласын ,жакпаса корбой укпай эле койгула ,ар кимдин оз жашоосу бар ,бироонун жолун басып отмоюнчо анын жашосун тушунуу кыйын да
DanilAylin түзөттү 2019-02-06 14:55:52
06.02.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы бир адамдын сөзү үчүн ушул жолго барса ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-06 16:45:04
06.02.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
4 баласы болсо,аларга мээримдүү эне болсо значить өз жанын кыйган эмес,может өлтүрүп анан подстава кылгандыр Кудай билет... эң кичүү баласы аутизм менен ооруп жатса. Мээримдүү эне эч качан оорулуу баласын таштап кетпейт. Ишениш кыйын чындыкка жатпай турат
06.02.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer,мотив туурадай. Кошуламын. Киши колдуу болгондой. Подстава го
06.02.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык алсыз бекен?
06.02.2019. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдер дагы башка иши жоктой,интернет баатыр болуп жылдыздарды сынаш менен убакыт откозушот.
Ар бир созду ойлонуп суйлош керек.Создун кучу кудреттуу.Соз Бироону аманга учурса бироонун канатын сындырат.Ошондуктан Ойноп суйлосон да ойлоп суйло деп койот
07.02.2019. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх!Адамдар ото мыкаачыбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: