super.kg logo

Чоң-Алайда жеңил унааны кар көчкү басып калды. Ичинде эки адам болгон

 

Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылында жеңил унааны кар көчкү басып калып, бактыга жараша, ичинде бараткан адамдар аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолуна (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600 метр куб кар көчкү түшкөн. Арадан бир саат убакыт өткөндөн кийин ошол эле айылда 700 метр куб кар көчкү түшүп Деу Матиз унаасын басып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон.

"Жерине Чоң-Алай райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган. Саат 20:15те кар көчкү тазаланып, унаа ичиндеги эки адам куткарылып, үйлөрүнө кетишкен", - деп айтылат министрликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.02.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сакта бир ууч кыргызымды!Эч кырсык болбосо экен!Адамдар олбосо экен!Амин!
08.02.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарыташтан нары Чон Алайга чейин жолду суруп тазалабай атышат. Жол шифер болуп калган. Убагында суруп тазаласа жолдо жургондор кыйналбайт элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: