super.kg logo

"Эмне үчүн Кыргыз өлкөсүндө органдарды алмаштыруу операциялары жасалбайт?" деген суроого министрдин жообу

 

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Абдывахап Нурбаев органдарды трансплантациялоо боюнча маселе көтөрдү.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги органдарды трансплантациялоого каршы болгондой болуп жатат. Сиздер каршысыздарбы? Бардык мамлекеттерде бул нерсе жасалат, Тажикстанда дагы жасалат. А биздин жарандар акча чогултуп сыртка чыгууга аргасыз болуп жатат. Эмне себептен Кыргыз өлкөсүндө жасоого болбойт? Бул жерде дары саткандардын, гемодиализ кылгандардын ичинде лобби бар дейт. Себеби, органдарды алмаштырып койгондо ал дарылар сатылбай калуу коркунучу бар экен. Буга сиздин оюңуз кандай? Силер кызыкдар болуп жасабайсыңарбы", - деди Нурбаев.

Буга саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев трансплантология деген бул жөнөкөй нерсе эмес экенин айтты.

"Биз каршы эмеспиз, муну өнүктүрүү керек. Министрликтин каршы пикири - бул нерсени кимдер жасайт деген маселеде. Бул нерсе мамлекеттик ооруканаларда жасалсын дегенди айтып жатабыз. Материалдык жактан кээ бир жетишпегендиктер бар. Бүгүнкү күндө биздин жерде 27 мындай операция жасалган, анын ичинен 16сы келген врачтардын катышуусу менен жасалган. Ага акча керек. Бүгүн жасап, эртең бейтаптын абалы оорлошуп акчасы талаага кетсе туура эмес да. Биз муну изилдеп жатабыз. Лаборатория бизде жок. Комплекстүү түрдө жасап, даярдап туруп ишке киргизүү керек", - деди министр.

"Кымбат болгон күнү жарандарыбыз чет жакка барып жатышат. Ошол себептен эртелетүү керек", - деп кошумчалады депутат.

Учурда “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо улантылууда. Күн тартибине 10 маселе коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
06.02.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Биз муну изилдеп жатабыз. Лаборатория бизде жок. Комплекстүү түрдө жасап, даярдап туруп ишке киргизүү керек", - деди министр." - Ушул соз ушул бойдон калып кетет эми, ошондуктан срок бериш керек эле, мынча убакытта бутур деп
06.02.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kechirmeni,ошону айтсан азыр эн койгойлуу маселе ушул болуп жатпайбы
06.02.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир кыргыз жигит Туркияда трансплантация кылып иштейт эле го бир жолу Бишкеке келип да бир операция жасап кетти го,ошону чакыргыла да озундун мекенине элине иштеп бер деп.
06.02.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде акча менен бутот окуу жайды анан кантип операция кылат бизде
07.02.2019. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umakg,мыкты окугандарды,иштегендерди коро алюайбыз!Бирок алар мыкты дааригер болуп чет олколордо иштеп жатышат. же акча жагынан колдоо корсотушпойт кресло ээлери
06.02.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булардын уурдаган акчасына ар-бир областка лаборотория салып койсо болот.
06.02.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда кандай болот экен! болсо дагы катуу козомолдо болуу керек антпесе коптогон жаш балдар запчастка кетип калышы мумкун ансызда кичинекей Кыргызстанда дайынсыз жоголгондор коп болуп жатат.
06.02.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министрлер баш болуп акча жок,шарт жок десе!? Министр болуу ошол акча менен шартты табуу эмесби
06.02.2019. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы кемине Кыргыз туризм ишканасы түзүлөт дейт,ал дегени дагы бир бюджеттин паразит түзүлөт дегени да,иштегенинен жыйынтык жок,чыгашасы охоо сом
06.02.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
80 миң доллар турган Лексуска акча бар элге болсо куудул Тынар айтмакчы п.к ям жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: