super.kg logo

Эми бир эле Марк Цукерберг эмес, Фейсбуктун бардык колдонуучулары жөнөткөн катын кайра эки тараптан тең өчүрө алат

 
Эми Фейсбуктагы мессенжерден жөнөтүлгөн каттарды кайра өчүрүп салса болот. Бул желеде мындай функция пайда болгонун чет элдик маалымат булактары жазууда. Анда буга чейин Фейсбуктун бул функциясын анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эле колдоно алганы да белгиленген. Андан кийин жазган билдирүүсүн өчүрүп салуу кызматы Польша, Колумбия, Боливия жана Литвада ишке киргени маалымдалган.
Маалыматка ылайык, эми колдонуучулар капыстан адашып же ар кандай себеп менен өчүрүш керек болгон билдирүүсүн жазгандан кийин 10 мүнөт аралыгында өчүрө алат. Анда "катты баары үчүн өчүрүү" деген бөлүк кошулган. Бирок сиз менен жазышып жаткан адамда билдирүүңүздү өчүргөндүгүңүз боюнча белги калат.
Мындай функция iOS жана Android'деги Фейсбуктун мессенжеринин жаңыланган тиркемесинде иштейт. Фейсбук социалдык тармагы башка тармактарга салыштырмалуу катты 2 жактан тең өчүрүп салуу кызматын кеч кошту. Буга чейин Viber, WhatsApp, ВКонтакте жана башкаларда мындай функциялар ишке кирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: