Белгилүү АКШлык журнал Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу тасма тартты
АКШлык белгилүү "New York Si" аттуу журнал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда кыска метраждуу тасма тартышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов менен байланышып, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна АКШга дагы элчилик аркылуу чакыруу жөнөткөнбүз. Алар дагы биздин чакыруубузду четке какпай, делегация официалдуу түрдө келген. Алар менен жогорудагы журналдын редакторлору, журналисттери келишип, тасма тартууга уруксат сурашкан. Биз дагы улуттук оюндарыбызды, маданиятыбызды, кыргыздын тарыхый байлыктарын дүйнөнүн булуң-бурчунда чагылдырсын деп кубануу менен макулдугубузду бергенбиз. Көчмөндөр оюну болуп жатканда оюндун ачылышынан жабылышына чейин тартып жүрүштү", - дейт ал.
Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өткөн.
Ал эми төмөндөгү сүрөттөр III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу тартылган тасмадан алынган кадрлар.
АКШлык журнал тарткан тасмадан үзүндү


1 |