super.kg logo
  Саясат  

Саламаттыкты сактоо министри өлкөдө жарандар ден соолугуна кайдыгер карап жатышканын айтты

 

"Бүгүнкү күндө өлкөдө улуттун келечеги коркунучта турат" деп депутат Өмүрбек Бакиров билдирди. Мындай оюн ал бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңеште жалпы жыйында айтты.

"Улуттун келечеги коркунучта турат. Себеби инсульт мурда 50-60 жашта болсо, бүгүнкү күндө 30-40ка түштү. Инфаркт мурда 50-60 жаштагы адамдарда кезиксе, бүгүн 30-40 жашка түштү. Гемодиализ алгандар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Кургак учук, жүрөк оорулары менен жабыркагандар көбөйдү. Кан басымы көтүрлгөндөрдү азыр 20 жаштагылардын арасынан да жолуктурабыз. Мурда кан басымдын туруксуздугунан 60-70 жаштагылар жабыркачу. Улуттун келечеги үчүн бул оорулардын алдын-алуу боюнча эмне иш-чараларды өткөрүп жатасыздар?" - деди Бакиров жыйынга катышып жаткан саламаттыкты сактоо министрине.

Өз кезинде министр Космосбек Чолпонбаев депутаттын түрдүү ооруларга улгайгандар гана эмес жаштар да кабылып жатат деген пикирине кошула турганын белгиледи.

"Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карап жатат. Жаңы программа кабыл алынды. Эң биринчиси жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, бул оорунун алдын-алуу боюнча иш жүргүзүү. Биз биринчи приоритетте келерки 5 жылда ушуга көңүл буруп, тиешелүү иштерди алып барабыз. Экинчиден, профилактикада ар бир адамга сергек жашоо идеологиясын күчөтөбүз. Эгер ушул эки нерсени чечсек, тубаса оорулар азаят", - деди министр.

"Өкмөттүк деңгээлде иш-чара өткөрүү керек. Бул оорулардын баары арзан баадагы азык-түлүк, арзан дарылардан улам келип чыгууда", - деп кошумчалады депутат.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: