Боом капчыгайында көмүр ташыган КамАЗ оодарылып кетти
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда көмүр ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 6-февраль түнү саат 04:00 чамасында катталган.
"КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жол четине оодарылып калган. Бактыга жараша айдоочу жабыркаган эмес. Учурда унааны тургузуу үчүн чоң кран керек болуп, кызматкерлер аны алып келгени жатат", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин так сактоону өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.