super.kg logo

Бишкекте Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү төрагасынын кызматтан кетишин талап кылып кайрадан митингге чыгышты

 

Бүгүн, 6-февралда Бишкекте Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылгандар митингге чыгышты. Митингге чыккандар "Асанакунов, Профсоюздан колуңду тарт!", "Асанакуновго кылмыш ишин жандантууну талап кылабыз!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

"Бүгүн бул жерге чогулганыбыздын негизги себеби - Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетүүсүн талап кылабыз. Ал кызматка жасалма документ аркылуу шайланып келген. Бир жылдан бери мыйзамсыз кызматкерлерди жумуштан кетирип, өзүм билемдикке салууда. 30-январда Биринчи Май райондук соту элдик кеңештин мүчөлөрү кайрылган арызын канааттандырган. Буга чейин ага кылмыш иши козголгон болчу. Өлкөдө кызмат орундарын да "базарга" айландырып салышты. Тааныш аркылуу ага карата соттун чечими да өзгөрүлгөн, кылмыш иши мөөнөтү эскиргенине байланыштуу кыскартылган. Биздин Федерациянын кеңеш мүчөлөрүнүн бир канча адамдары менен ушул кишинин жасалган документтери тастыкталып, туура эмес шайланганы аныкталган.

Бүгүн өзү чыкпаса да орун басарлары чыгып түшүндүрмө берет деп чогулганбыз. Чогулгандар Профсоюздун мүчөлөрү, алардын арасында мугалимдер, курулушта, бала бакчада, саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлер да бар", - дейт "Кыргызстан" санаториясынын Профсоюздар комитетинин төрагасы Жийдебүбү Чортонбаева.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү федерациянын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жумуштан кетүүсүн мурда да талап кылып келишкен. 2017-жылы өткөн маалымат жыйынында федерациянын кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Асанакунов жетекчи болуп дайындалгандан бери коррупциялык иштер жасалып жатканын айтып чыгышкан. Былтыр 15-майда да жетекчинин кызматтан кетишин талап кылып жүздөй киши митингге чыккан болчу.






Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү жетекчисин жумуштан кетүүсүн талап кылууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: