super.kg logo

Базар-Коргондо өрт кырсыгынан 2 өспүрүм жаракат алып, бир адам ооруканада каза болду

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндөгү айылдардын биринде контейнердин ичинен өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, алардын бири каза болду. Бул маалыматты Базар-Коргон аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Темирбай Алиев тастыктады.

Маалым болгондой, кырсык 5-февраль күнү болгон.

Ооруканага өрттүн кесепетинен үч жаран саат 18:30 чамасында алып келинген. Алар З.М. аттуу 14 жаштагы өспүрүм. Денесинин 13 пайызы күйгөн. Тактап айтканда, сол буту жабыркаган. 13 жаштагы И.Б.нын бети-башы жана эки колунун алакандары, манжалары күйгөн.

21 жаштагы М.у.И. бейтапканага келери менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын денесинин 85 пайызы күйгөн. Ал ооруканада каза болгон. Ошондой эле анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан 2-топтогу майып катары каттоодо турган.

Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, өрт кырсыгы балдардын шоктугунан улам келип чыккан деп болжолдонууда.

"ӨКМга өрт тууралуу кабар түшкөн эмес. Кырсыкты өрт өчүрүү кызматына ооруканадан билдиришкен", - деди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: