super.kg logo

Бишкекте жол кесилиштерине орнотулган камералар 7 эреже бузууну каттап, айдоочуларга 6 күндөн кийин айып салып баштайт

 

Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алып, айып пул жаза баштайт. Бул тууралуу ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, 12-февраль күнү "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылат.

Анын алкагында Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алмакчы.

Алар:

1. Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү;

2. Каршы тилке менен жүрүү;

3. Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийимдер менен жүрүү;

4. Жол чырактын кызылы күйгөн учурда стоп сызыгынан өтүп кетүү;

5. Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузуу;

6. Ылдамдыктан ашырып айдоо;

7. Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн эреже бузуулар боюнча сүрөт жана видеотасма иштелип чыккандан кийин унаа ээсине айып салынганын билдирген токтом жиберилет.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу 4 этап менен жүрөт. 2-этап ушул жылдын март айынан башталат.

2019-жылдын 10-февралына чейин видеокөзөмөл камералар орнотула турган даректер:

Бөкөнбаев-Абдрахманов;

Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары;

Чүй-Фучик;

Чүй-Бейшеналиева;

Жибек Жолу-Фучик;

Чүй-Жаш Гвардия бульвары;

Жибек Жолу-Абдрахманов;

Чүй-Курманжан датка;

Москва-Абдрахманов;

Горький-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине коюлуусу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.02.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тездеткиле башка облус шаарларга качан коюлат
06.02.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкете гаилер иш таштайт эми иштен кетет халтурасы азайды айлыгы 12-14 мин Бишкете эч нерсеге жетпейт
06.02.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишеним кат журуп полноту буткондор кандай болор экен
06.02.2019. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чуй-Бейшеналиев кочосундогу камералар тартып жетише албай жарактан чыгып калбаса болду
06.02.2019. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атасынын баласы, жолдордун краска знактарын онурак койуп алышпайбы
07.02.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарткан суроттору жок бекен корот елек неге айып пул салганын
07.02.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuki110592, билдирүүнү жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-07 12:39:31
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: