super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: “Өлкөгө башка мамлекеттин аскердик базасын ачуунун зарылчылыгы жок”

 

Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.

4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келген. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айткан болчу.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскерий базасын ачуунун канчалык зарылчылыгы бар?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.

Ал белгилегендей, Кыргыз өлкөсү стабилдүү, эч кандай экстремизм, терроризм коркунучу жок.

“Кыргыз мамлекетине башка өлкөнүн аскердик базасын ачуунун зарылчылыгы жок. Өлкө стабилдүү, эч кандай экстремизм, терроризм коркунучу жок. Башка мамлекеттер менен мамилебиз жакшы. Биздин мамлекет көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгондуктан эч кандай коркунуч жок. Башка өлкөнүн аскердик базасы ачыла турган болсо ижара акы төлөп, бюджетке салым кошпосо, башка пайда алып келбейт”, - дейт Келдибаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Бахадыр Сулейманов, акыйкатчы Токон Мамытов, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: