Аксы районунда чек арачылар атышып, бир өзбек чек арачысы каза тапты
Бүгүн, 23-июлда саат 10:25те Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип келишкен. Кыргыз чек арачылары алардын аймактан чыгып кетишин талап кылышкан. Буга каршы болуп чек арачылар менен кайым айтышууга өткөн өзбек тарап биринчилерден болуп ок чыгарып, ортодо атышуу башталган. Маалыматка таянсак, бир өзбекстандык чек арачы каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алды. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок. Окуянын кандай болгонун тактоо максатында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактык чек ара башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
2

Кайдагы согуш? УЗ армиясынын коп болгону менен согуш жургузо албайт, тем более тоолуу региондо, озунун элин басыш жана границаларды коргош учун эле керек .
Америка Афганистандагы моджахеддерди ута албаган, Озбекистан башка мамлекеттии утат дейсинби:)? Азыр согуштарды мамлекеттер жургузбойт одиночку.
ООНдун санкциясы менен агрессор деп ал мамлекет катуу жапа чегет. Азыр согуштар кибер пространстводо болот.
жалпысынан алганда бул дагы бир саясат оюндай уюштурулган. КЫРГЫЗ ЭЛИМИ, ЖЕРИМИ жамандан кудай сактасын. бирок, биз коркпойбуз эч кимден. биз жигиттер коргогонго даярбыз!
Башкалардын улутун кемсинтүү болбойт.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
3 күн БАН!