super.kg logo

Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түштү. Каза болгондор жана уранды алдында калып изделип жаткандар бар

 

6-февраль күнү Түркиянын Стамбул шаарында 8 кабаттуу үй урап түштү. Учурда куткаруучулар жеринде иш алып барышууда. Түркиялык басылмалардын маалыматына караганда, куткаруучулар уранды астынан 2 кишинин жансыз денесин жана жаракат алган 4 адамды чыгарышты.

Айрым маалыматтарга караганда, бул үйдө 12 үй-бүлө жашачу жана алдыңкы кабатында кийим тигүүчү жана оңдоочу ателье болгон. Ал жерде 20-25 киши эмгектенип келген. Мындан улам уранды астында кеминде дагы 20дан ашык адам бар болушу мүмкүн экени айтылууда. Азырынча үйдүн эмнеден улам урап түшкөнү белгисиз. Шаар башчылыгы имарат жардыруудан улам урады деп айтылып жаткан маалыматтарды четке кагууда.

"Имарат 1992-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Бирок 5 кабаттуу гана үй салууга уруксат берилип, 3 кабаты мыйзамсыз салынган", - деп билдиришкен жергиликтүү мэриядан.






Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.02.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тумбалары ичкерээк куюлуп оор келгенби дейм
07.02.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сактасын кырсыктан.видеонун 0:19 корсонор бир адам калып кетти бечара.
08.02.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым өзү сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: