Депутат жаштар "Таблиги жамаат" агымына кошулуп жаткандыгы тууралуу маалыматты УКМК текшериши керектигин айтты
Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина "Ислам таануу" институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, жаштар "Таблиги жамаат" дин агымына кошулуп жатканын айтып, УКМКны аталган маалымат боюнча текшерүүгө чакырды.
"Жакында эле "Ислам таануу" институту медреседе окуган балдардын арасынан сурамжылоо жургүзүшкөн. Алар сурамжылоонун жыйынтыгын коомдук талкууга койгон. Маалыматта "Жаштардын көбү динге берилип жатат. Жаштардын басымдуу бөлүгү кайсы бир дин агымына кошулган эмес, ал эми кошулгандардын көбү "Таблиги жамаат" агымына кошулууда" деп ачык жазылган. Эмне себептен бул жерде аталган дин агымын популярдуу кылып жатышат? УКМКны буга көңүл буруп, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чакырат элем. Медреселерде балдар кайсы программа менен окутулуп жатканын аныктоо керек. Эмне себептен биздин жаштар ал диний агымга кошулууда? Билим берүү жана илим министрлигин жана муфтиятты медреседеги окутуу программаларына көңүл бурууга чакырам", - деди ал.
Маалымат үчүн: Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынбаган "Таблиги жамаат" агымы ШКУга мүчө мамлекеттерде экстремисттик деп табылган.


Мен атеист мусулманмын. Ислам мен учун арабтардын коз карашын жайылткан чон идеялогия. Кудайга ишенсем да бугунку исламга эч ишенбейм. Себеби ислам ишеним эмес жон гана арабтардын геосаясаты экенине козум жетти.
Кыргызстандын 3% гана намаз окуган динчилдер. Калганы исламдагы жасалма кооз идеяларга ишенишпейт. Ислам бул арабтардын орто кылымдагы жашоо образын тануулаган идеялогия экенин копчулук эл билишет. Ошол учун жеке убактыларын намазга барып бекерге кетиргилери келишпейт.
карамушкинага уурулар кобоюп бирин бири союп олтуруп аткан КЫРГЫЗДАР керек.
Карамушкинага арактан Уй булоолор ажырашып Уй булоолору талкаланган КЫРГЫЗДАР керек.
карамушкинага дини жок илими жок КЫРГЫЗДАР керек.
Коп жаштар арактан арылып уурулуктан арылып жаман арам иштерден арылып туз туура жолго тушушуно дал мына ушул даблиги жамааттын 95%нын пайдасы.