super.kg logo

Германияда өз апасынан кордук көргөн бала кийим ордуна таштанды салуучу баштык кийип, даараткана ордуна чака пайдаланып жүргөндүгү маалым болду

 
Марвинге кордук көрсөткөн энеси жана өгөй атасы.
Үй-бүлө жашаган үй.
Үй-бүлө жашаган үй.

Германияда 37 жаштагы аял өз баласын ар түрдүү жолдор менен кыйнап, шакаба чегип жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Марвин мектептен келген учурда зөөкүр апасы ага кийимдин ордуна таштанды салуучу баштык жана медициналык бет кап кийгизип койчу. Ал тургай, жуунуучу бөлмөдө жуунууга да тыюу салып койгон. Даараткана катары чаканы пайдаланып, түнкүсүн жатчу төшөгү жок полдо уктаган. Үй-бүлөсү менен тамактанууга мүмкүндүк берилген эмес. Марвин ыйлаган учурда зөөкүр апасы колу менен бетин жаап алуусун талап кылчу. Себеби ал Марвинди көргөн сайын аларды таштап кеткен мурдагы күйөөсүн эстей берчү. Ал эми аял балага күч колдонуп жаткан учурда баланын 39 жаштагы өгөй атасы көрсө дагы көрмөксөнгө салып койчу.

"Бир ирет Марвиндин өгөй эжеси апасынын кезектеги ур-токмогун видеого тартып алат. Дал ушул видео полиция кызматкерлерине жетип, Марвиндин тозокко айланган жашоосуна чекит коюлат", - деп жазылат маалымат булактарында.

Кийинчерээк Марвиндин апасы менен психологдор иш алып барган соң ал бала чагында шылдыңдоого көп кабылганы жана кош бойлуу кезинде баланын атасы таштап кеткени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
07.02.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балада эмне куноо? Озунун ичинен чыккан балага ушундай мамиле болсо, башкага кандай мамиле кылат экен?
07.02.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосу жокпу
07.02.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми психикалык жабыр татркан келин экен туура тушунуу керек. Мурунку эркек сорою ташиап кетпесе мындай болбойт эле. Марвин марвин
08.02.2019. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ий журогум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: