Депутат: "Акыркы жылдары өлкөдө майыптыгы бар адамдар көбөйүүдө"
Акыркы 6 жыл аралыгында өлкөдө майыптыгы бар адамдар көбөйгөнүн бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
"Дүйнөнүн 177 өлкөсүндө "Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы" ратификацияланган. Эгер 2011-жылы өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 142 миң адам болсо, 2018-жылы алардын саны 181 миңге жеткен. Жогорку Кеңештин төрагасынын атына ооруга чалдыккан адамдардан 4 миңден ашуун кат келип түшкөн.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алууну колдоого чакырам. Аны ишке ашыруу үчүн көп каражат, тактап айтканда, 6 миллиард сомдон ашуун каражат сарпталат. Бул долбоор келечекте өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга көмөктөшөт", - дейт Карамушкина.
Учурда жалпы жыйында “Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

