super.kg logo

Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү чогуу ичимдик ичкен адамды бычактаган деп шектелүүдө

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү чогуу ичимдик ичкен адамды бычактаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмчөсүнө аймактык ооруканалардын бирине 34 жаштагы жаран бычактан жаракат алып түштү деген маалымат келген. Аталган факты ошол эле күнү 4-февралда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (саламаттыкка оор залал келтирүү) негизинде сотко чейинки иликтөө башталган.

"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары Аламүдүн районундагы айылдардын биринин жашоочусу 46 жаштагы К.Э. аттуу жаран кармалган. Болжолдуу маалымат боюнча окуя болгон түнү шектүүнүн үйүндө жабырлануучу экөө спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң ортодо түшүнбөстүктөр пайда болуп, чырлашып үйдүн ээси шеригинин ден соолугуна оор залал келтирген. Ошондой эле кармалган шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турганы да аныкталган. Учурда шектүү тергөө абагына киргизилип, башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.02.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дерский болсо дерский ответ бердида
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: