super.kg logo

Мамлекетке 460 миң сом зыян. Эсеп палатасынын инспектору Саламаттыкты сактоо министрлигинин каражатына Италияга барып келген

 

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жана Эсеп палатасындагы айрым адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Башкы прокуратура маалымдады. Ага ылайык, текшерүүнү Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн.

Анда белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги 2016-жыл аралыгындагы чыгымдар боюнча Эсеп палатасынын кызмат адамдары аудит жүргүзгөн. Аудит 2017-жылы жүргөн. Ошол эле жылдын 28-августунда министрликтин жана Эсеп палатасынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, "Ден соолук-2" программасынын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутуу каралганына карабастан аудит жүргүзүп жаткан инспекторду министрликтин каражатына мыйзамсыз түрдө Италияга жөнөткөн. Эсеп палатасынын мамлекеттик башкы инспектору Италиянын Турин шаарына барган. Бул учурда аудит жүргүзүү аяктай элек болгон.

"Анын жыйынтыгында республикалык бюджеттен 459 миң 829 сом негизсиз пайдаланылган. Буга катыштыгы бар кызмат адамдардын аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде каралып, ишти тергөө үчүн материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.02.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кайсы тармакта болбосун, эптеп жэп калыш керек экен. Минтип журсок качан онолобуз.
07.02.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жеп ичкендердин баары азыр кусуп абакта жатат. Эгер тийишттүү кызматтар чара көрүп камаш керек.
07.02.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erik2018,баары камакта эмес.кача тургандарын качарып, озуно жолтоо болгондорду каматып, керектуу адамдарын каматпай эле журушот ко.
08.02.2019. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик иште өзү таза иштегендер калдыбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: