super.kg logo

Баасы асманды чапчыган кыздардын кыялындагы үлпөт көйнөктөр топтому

 

Апапак үлпөт көйнөк кийип, сүйүктүү адамына турмушка чыгуу ар бир кыздын кыялы болсо керек. Ал эми атактуулар бул каалоосун канча каражат сарптап ишке ашырат, билесизби? Үлпөт тоюнда кымбат баалуу көйнөк кийген белгилүү жылдыздардын той көйнөктөрүнүн баасы, фасону, кайсы белгилүү мода үйүнөн алганы тууралуу маалымат топтомун даярдадык.

Алгач эле "Swarovski" компаниясынын мураскери, австриялык ырчы Виктория Сваровскинин үлпөт көйнөгүнүн салмагынан баштай турган болсок, ал 46 килограммды түзүп, баасы 1 миллион долларды чапчыган. Мындай кымбат баалуу көйнөктү Майкл Синко аттуу дубайлык дизайнер тигип берген. Көйнөккө 500 миң кристалл таштарын кошуу идеясы Викториянын өзүнө таандык. Анын образын Jimmy Choо`нун туфлиси жана 8 метрлик шлейф толуктаган.

2014-жылы май айында АКШдагы белгилүү реалити-шоунун жылдызы, фотомодель, актриса жана "интернет ханышасы" Ким Кардашьян рэпер Канье Уэстке турмушка чыккан. Тойдо Ким Кардашьян "Givenchy" мода үйүнөн 500 миң долларды чапчыган көйнөк кийген.
Буга чейин Ким Кардашьян 2011-жылы баскетболчу Крис Хамфриске турмушка чыгып, 72 сааттан кийин ажырашып кеткен. Ал эми бул үлпөт тойдо ал ар бири 25 миң долларды камтыган 3 көйнөк кийген.
2011-жылы апрель айында азыркы Кембридж герцогинясы Кейт Миддлтон ханзаада Уильямга турмушка чыккан. Бул үлпөт той Улуу Британия үчүн маанилүү болгондуктан Кейт Миддлтонго "Alexander McQueen" мода үйүнүн креативдүү директору Сара Бертон тарабынан иштелип чыккан баасы 434 миң долларлык, ал эми фатасынын узундугу 2,7 метрди түзгөн үлпөт көйнөгүн алышкан. Арадан 8 жыл өтсө дагы Кембридж герцогинясыныкындай көйнөк кийгиси келгендердин саны көп экени дизайнерлер арасында айтылат. Учурда сөз болуп жаткан үлпөт көйнөк жана тойдогу торттун бир бөлүгү Букингем сарайында сакталуу. Аны бардык каалоочулар көрүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп 2005-жылы модель Мелания Трампка үйлөнгөн. Мында Дональд Трамп жубайына баасы 1 миллион 500 миң долларды чапчыган 12 караттуу бриллиант көздүү шакек белек кылган. Бирок алар жарнама жолу аркылуу жарым баасына алганы айтылат. Ал эми "Dior" мода үйүнүн үлпөт көйнөгү 100 миң долларга алынып, аны даярдоого жалпысынан 60 метр атлас материал, 1500 баалуу таштар жана тигүү үчүн узак убакыт талап кылынган.
Маркум америкалык актриса Келли Грейс 1956-жылы апрель айында Монаконун князы Ренье Луи Анри Максенс Бертран Гримальдиге турмушка чыккан. Актрисанын той учурунда кийген көйнөгү эң белгилүү үлпөт көйнөктөрдүн бирине кирет. Бул көйнөктү актрисага MGM киностудиясынын костюмери Хелен Роуз тигип берген. Көйнөктүн баасы 60 миң долларга жакын жана миңдеген баалуу таштар менен кооздолгон. Тилекке каршы, актриса 1982-жылы автокырсыктан улам көз жумган.
Ал эми кыргыз шоу-бизнес жылдыздары арасында дагы кымбат баалуу үлпөт көйнөк кийип, талкуу чордонунда болгондор бар. Мисалы, эстрада ырчысы Асел Кадырбекова ырчы Нурлан Насипке турмушка чыгып, анда 275 миң сомдук үлпөт көйнөк жана 15 миң сомдук туфли кийгени маалым.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
08.02.2019. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эже асман чапчыйт экен
08.02.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага бекер берседа албайт болчуумун. Бир гана ханзааданын колуктусунун көйнөгү жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: