Дзюдо боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу коло медаль утту
Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Юрий Краковецкий 20-21-июлда Москва шаарында өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло медаль утту. Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында 4 беттешүү өткөрдү. Алгачкы беттеште монголиялык балбан Дууренбаяр Илзебаяр менен күч сынашып жеңди. Андан соң япониялык Рюта Иши менен кармашта утулду. Ал эми биринчи көңүл жубатуучу кармашта Краковецкий венгриялык Барна Бобаны утуп, коло байге үчүн болгон беттеште грузиялык Левани Матиашвилини жеңди. Мелдешке дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 301 балбан катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.