super.kg logo
  Саясат  

150 миң долларга кылмыш ишин токтотуп... Икрамжан Илмиянов тууралуу Коопсуздук кеңешинин билдирүүсү

 

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Илмияновдун иши боюнча тергөө иштери улантылууда. Ал жогоруда айтылган суммадагы каражатты кылмыш ишин токтотууга көмөктөшөм деп чет элдик ишканадан алган.

"Чет өлкөлүк ишканалардын биринин жетекчиси Илмияновго 150 миң доллар берген. Андан кийин алардын маселеси чечилип, кылмыш иши токтотулуп, камактагы жүк ташуучу унаалары чыгарылган", - дейт Сагынбаев.

Ошондой эле Сагынбаев бул кылмыш ишинин алкагында салык төлөмдөрүн алып салган деп Салык кызматынын кызматкерине да айып тагылганын, ал камакка алынганын кошумчалады.

Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, өткөн жылдын 18-октябрында Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: