super.kg logo

Мурат Суталиновдун сотунда дарыгер анын 4-даражадагы бөйрөктүн рагы менен жабыркай турганын айтты

 

Бүгүн, 7-февралда 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин соттолгон УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралууда. Ишти судья Бактыбек Сыдыгалиев карап жатат.

Суталиновду ден соолугуна байланыштуу жазасынан бошотуу тууралуу тиешелүү документтер 24-январда сотко өткөрүлгөн. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Мурат Суталинов ден соолугу күндөн-күнгө начарлагандыгына байланыштуу Улуттук онкология борборунда химиотерапия алып жатканын айткан. Ошондой эле ал жазадан бошотулушу мүмкүн делген адамдардын категориясына кирери да белгилүү болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Жактоочу Тимур Карабаев аны чыгарууга себеп болгон жүйөлөрдү келтирди. Судья документтерди прокурордун макулдугу менен ишке тиркеди.
Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралууда. Ал Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы 2017-жылы билингенин айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан ошо бойдон качып кетсин де Азиз Батукаевке окшоп. Олот деген Азиз дагы эле тируу журотго ХХХ менен кулуп
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-08 13:05:26
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: