super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кара-Кулжада жолбун иттер койлорго кол салып, бир аптада эле 20дай койду жарып кетти

 

Бир аптанын ичинде жолбун иттер Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылынан 20 баштан ашык койго зыян келтирди. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видео жана сүрөттөрүн жиберди.

"Үч күн мурда бир айылдашыбыздын 6 коюна тиш салып жеп кеткен. 6-февралдан 7сине караган түнү дагы 5 койду өлтүрүп, 10дон ашык койду жара тартып кетиптир. Жергиликтүү айыл өкмөт тарабынан жолбун иттерди атуу боюнча көмөк көрсөтүлбөй жатат. Алар кабар алып да коюшкан жок. Мал доктур иттер кол салып чала жан кылып койгон малды текшерип, "этин жебегиле" деди. Бир айылдашыбыздын 16 коюн бирдей жарып кетти. Материалдык чыгым тартып отурат, же сата албайт, же этин жей албайт. Мындай жүрүштө иттер айылдагы бала-бакырага, кишиге да кол салышы толук мүмкүн", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кара-Кулжада жолбун иттер койлорду кырып жатышат

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.02.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баягы чупакабра эмеспи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: