ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Койлордун ичин жарган иттерди атып жатабыз" дейт Кашка-Жол айыл аймагынын башчысы
Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагындагы Тоготой айылында жолбун иттер бир аптанын ичинде эле 20дан ашык койго тиш салып, бешөө өлгөнүн окурман SUPER.KG'ге кабарлаган. Окурман жергиликтүү бийлик көйгөйгө кайдыгер карап жатканын айтып нааразы болгон.
Жогорудагы маселенин негизинде Кашка-Жол айыл аймагынын башчысы Шайырбек Рахманберди уулу менен байланышып, көрүлүп жаткан чаралар боюнча жообун уктук. Бирок айыл аймактын башчысы жолбун иттен өлгөн койлордун саны болгону үчөө экенин айтып жатат.
"Мен азыр айылда эмесмин, Ошто коллегиялык жыйынга катышып жүрөм. Мага берилген маалыматтарга караганда, жолбун иттер Тоготой айылындагы 3 козуну жеп, 9 койду тиштеп кетиптир. Үч күн мурун да жолбун иттер айылдын баш жагында койлорду тиштеп кеткени боюнча маалымат түшкөндө түнкү саат 2ге чейин карап, иттерди таппай койгонбуз. Эми мындай окуя айылдын этегинде болуп жатат. Ошондуктан жолбун иттерди жок кылуу боюнча иштер жүрүп, бүгүн 10 ит атылды", - деди Рахманберди уулу.
Кара-Кулжада жолбун иттер койлорду кырып жатышат


1 |