ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: Техника илимдеринин доктору Ильгиз Айтматов 88 жашка толду
Техника илимдеринин доктору Ильгиз Айтматов 1931-жылы 8-февралда Бишкек шаарында туулган.
1954-жылы Москвадагы Геология-чалгындоо институтун бүтүргөн. Геология башкармалыгынын геология-чалгындоо партиясында жана Кыргыз мамлекетиндеги Каменск экспедициясында инженер болуп иштеген. КСРБ Илимдер академиясынын Тоо-кен иштери боюнча инcтитутунда аспирантурада окуп, кийин Кыргыз КСР Илимдер академиясынын Физика жана тоо-тектеринин механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун илим боюнча орун басары, мүдүрү, Илимдер академиясынын физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеп келген.
Ильгиз Айтматов техникалык илимдердин доктору, профессор. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, корреспондент-мүчөсү, Эл аралык илимдер академиясынын мүчөсү.
150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын автору. Кыргыз Республикасынын жана КСРБнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, Илимге эмгек сиңирген ишмер, эл депутаты (1990-1995-жылдары), президенттик кеңештин мүчөсү (1990-1991-жылдары), илим, техника, өнөр жай, энергетика жана байланыш боюнча Жогорку Кеңештин Туруктуу комиссиясынын төрагасы (1990-1991-жылдары) болгон.
8-февралга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.