super.kg logo

Стамбулда урап түшкөн көп кабаттуу үйдүн алдынан 5 жаштагы кыз 18 сааттан кийин тирүү табылды

 

Стамбулда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн алдынан 5 жаштагы кыз тирүү табылды. Түркиянын Анадолу басылмасынын маалыматына караганда, куткаруучулар 5 жаштагы Хавву Текгёз аттуу кызды кырсыктан 18 саат өткөндөн кийин табышкан. Учурда кыздын абалы боюнча маалымат бериле элек.

Ал эми Стамбул губернаторлугунун маалыматтарына караганда, кырсыктан каза болгондордун саны 11ге, жаракат алгандардын саны 13 адамга жетип, үчөө учурда аймактагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Кырсык 6-февраль күнү катталган. Айрым маалыматтарга караганда, бул үйдө 12 үй-бүлө жашачу жана алдыңкы кабатында кийим тигүүчү жана оңдоочу ателье болгон. Ал жерде 20-25 киши эмгектенип келген. Мындан улам уранды астында кеминде дагы 20дан ашык адам бар болушу мүмкүн экени айтылган. Окуядан кийин өлкөнүн прокуратурасы кырсыктын себебин аныктоо үчүн тергөө ишин баштаган.






Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.02.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шугур аман эсен балалык бактылуулук каалаймын
08.02.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаптыр негизи ичер суу бар экен шугур
08.02.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тенирим ар кандай кырсыктардан сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: