Жалал-Абад облусунун башчысы чек арада атышуу болгон Аксы районуна жөнөп кетти
Бүгүн, 23-июлда Жалал-Абад облусунун башчысы Жусупалы Торомаматов чек ара жаңжалы чыккан Аксы районуна жөнөп кетти. Ал жерге барып Торомаматов окуянын чоо-жайы менен жакындан таанышат. Эскерте кетсек, бүгүн Аксынын "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, бир өзбек чек арачы каза тапкан. Жаңжалды өзбек тарап баштаганын КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















