super.kg logo

Казак актёру Тауекел Мусилим кайрадан кыргыз тасмасында: "6 жыл кастингге барып жүрүп актёрлук карьерам башталган"

 

Учурда көп кыздардын түшүнө кирип, шилекейин агызган казак актёру Тауекел Мусилим кезинде абдан тартынчаак, уялчаак болгонун айтат. Анын кемчиликтерин жоюуга моделдик кесип себепчи болсо, режиссёр Руслан Акундун "Апамды издеп" тасмасы аны кино айдыңына ишенимдүү киргизген "бактылуу билет" болду.

"Апам эжем экөөбүздү жалгыз өстүрдү. Ата-энем ажырашканда кыйын жашоо кечиргенбиз. Анда апам жаш эле болчу. Өзүнө башка жар таап, өз турмушун куруп кетсе болмок. Бирок андай кылган жок. Жаштыгын, өмүрүн бизге арнады. Апамдын бизге берген тарбиясы, эмгеги чоң. Эсимде, бала кезимден эле мен эмнени кааласам баарын алып берчү. Азыр деле кандай иш баштабайын, дайым колдоп келет. Андыктан апамдын калган өмүрүн бактылуу кылып өткөргөнгө колумдан келген аракетимди жумшайм", - дейт ал.

Маекти толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№849, 8-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.


кошулду





ЖАҢЫ САН №849 |“Биз бири-бирибизди кыйнабайлы деп ажыраштык” дейт Максат Довранов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: