super.kg logo

Баласынан айрылган эне: "Уулум киши колдуу болуп өлдү. Милицияда тоңуп өлдү деп ишти жапканга аракет кылышты"

 

2017-жылдын 24-январында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылынын Жердик жайлоосунда 24 жаштагы Мирбек Сокубашовдун жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертиза даярдалып, анда маркумдун денесинде сабалган тактар болгон, бирок суукка тоңуп өлгөн деген жыйынтык чыккан. Ошентсе да маркумдун апасы Анара Бусурманова уулунун киши колдуу каза болгондугун тастыктаганга аракет кылып чуркап жүрөт.

"Уулум мал кайтарып жайлоодо жашачу. Өлүмү тууралуу каза болгондон 2 күндөн кийин уктум. Уулумдун сол кулагы кара-көк тартып, катуу буюм менен урулгандай. Оозунун ич жагы жарылып, тишинин издери эриндерине түшүп калган, эриндери кара-көк, тилин тиштеген абалда. Буту-башы көк ала, тырык болуп, катуу сабалганы көрүнүп турат. Колун жип менен байлагандагы издер бар", - дейт маркумдун энеси.

Окуянын чоо-жайын толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№849, 8-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.


кошулду





ЖАҢЫ САН №849 |“Биз бири-бирибизди кыйнабайлы деп ажыраштык” дейт Максат Довранов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: