super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов инвестиция тартуу тууралуу баяндама жасаган экономика министрине: "Сиз суу куюп жаткандай маалымат айтып жатасыз"

 

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы өлкөгө инвестицияларды тартуу боюнча өкмөттүн иши тууралуу маалыматты угууда.

Экономика министри Олег Панкратов өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу фракциянын өкүлдөрүнө жалпы маалымат берди. Анын айтымына караганда, акыркы жылдары инвесторлордун азайганына өлкөдөгү терс көрүнүштөрдүн таасири тийүүдө.

"Өлкөгө келген инвесторлордун санына өлкөнүн ичинде көп жагдайлардын таасири тийип жатат. 2016-жылы Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигиндеги жарылуу. Инвесторлордун жергиликтүү тургундар менен уруш-талаштары, инвесторлордун жеке менчиктеринин корголбогону, өлкөдөгү инфраструктура, аэропорт, жолдордун абалы жана башка себептер", - деди Панкратов.

Министрдин берген маалыматына фракциянын депутаттары канааттанган жок. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов экономика министри берген баяндамага "сиз суу куюп жаткандай маалыматтарды берип, бизге жомок айтып жатасыз. 2017-жылы канча болгон, 2018-жылы кандай болду, бул жылы эмне болот? Ошол нерселерди так айтыңыз!" - деди.

Буга министр инвестиция боюнча жалпы маалыматтарды айтканын билдирди.

Учурда өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилери маалымат берүүдө. Баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, экономика министри Олег Панкратов, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу жасайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: