Султан Мамасадыков Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду
Султан Мамасадыков Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-февралда аталган кызматтын төрагасы Алмаз Оңолбековдун кабылдамасынан тастыкташты. Бирок Мамасадыковдун бул кызматка качан дайындалганы боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартышты.
Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын 2018-жылдын май айынан бери Шамиль Бердалиев ээлеп келген.
Султан Мамасадыков 2016-2017-жылдары Борбордук бажы кызматын, андан кийин "Түштүк-Батыш" бажысын жетектеген.
Султан Мамасадыков УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рустам Мамасадыковдун бир тууганы. Ал 1969-жылы 4-январда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында туулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.