Вице-премьер: "Ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмү жогору болуп жатат. Бул маселени чечүү үчүн иштер жүрүүдө"
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров "Арзан турак жай 2015-2020" программасы медицина, эл агартуу тармагында иштеп жаткан жарандарга багытталган программа болуп эсептеле турганын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-февралда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө элдин талабына ылайык, ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмдөрү жогору болуп жатат. Бул маселени чечүү максатында иштер жүрүүдө. Жаңы жылдан баштап иш жүрүп жатат. Пайыздык өлчөм боюнча 3 чоң сунуш турат. Жакынкы арада өкмөттө отурум өтөт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдына сунуштарды аткаруу боюнча талап коёбуз", - деди Аскаров.
Учурда жыйында аталган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Tunerbei1812

08.02.2019. 11:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ипотекалык насыя боюнча азыр акча жок деп жатышат го.
Umakg

08.02.2019. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ипотекага уй алсан айына он минге жакын толойсун он жылгда озун он мин айлык алсан анан кантип аласын тушунбойм...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.