super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаковдун жактоочусу интернеттеги баракчасын өчүргөндүгү боюнча: "Мен качкан жокмун"

 

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары пикирлерин байма-бай жазып турчу. Cоңку билдирүүлөрдүн биринде президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине карата бир катар эмоционалдуу сын-пикирлерин жазган. Анда ал Жээнбековдун бийликтин 3 бутагы биримдикте иштеши керек деп айткан сөзүнүн негизинде сындаган. Андан көп өтпөй президент мени сотко берсин деген маанидеги билдирүүсүн жазган болчу. Кечээ, 7-февралдан тартып анын интернеттеги баракчасы өчүп калган. Мунун себебин билүү үчүн Токтакунов менен байланышканыбызда төмөнкүдөй түшүндүрдү.

"Ооба, интернеттеги баракчаларым өчкөндөн кийин айрым маалымат каражаттары өлкөдөн качып кетти деген маанидеги кабарларды жазды. Мен качкан жокмун. Азырынча ЖЭБди модернизациялоо боюнча иштин сотко чейинки аралыгында эс алып жатам. Ошол үчүн Фейсбуктан да эс алуудамын", - деди Токтакунов.

Ал буга чейин ЖЭБди модернизациялоо боюнча Асылбек Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги 3 комитетинин төрагаларынын да жоопкерчигин кароону талап кылып УКМКга кайрылганын айткан. Кечээ коопсуздук кеңешинин маалымат жыйынында Дамир Сагынбаев Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги каралбай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: