super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок

 

КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Мындай пикирин жыйынга катышкан депутаттардын жарымынан көбү билдирди.

"Өлкөдөн качкан Аскарбек Шадиев сатып кеткенге жетишпей калып садагага калтырган, конфискацияланган мүлкүнүн суммасы өлкөгө тартылган инвестициянын суммасынан көп болууда", - деди депутат Рыскелди Момбеков.

Депутат Аалы Карашев министрлер кабинети өлкө башчы берген тапшырмаларды аткарбай жатканын айтты.

"Региондор өнүкпөй жатат. Эки өлкөнүн президенти макулдашкан чечимдерди, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги өзүнө жазып жатат", - деп кошумчалады депутат.

КСДПнын фракция лидери Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: