super.kg logo

Максим Бакиевдин мамлекетке өтө турган мүлкүн башка тарапка мыйзамсыз берген судьяга кылмыш иши козголду

 

Камакка алынган мүлктөрдү мыйзамсыз өткөрүп берген судьяга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Н.Ж. кылмыш иштерине байланыштуу камакка алынып, мамлекеттин пайдасына конфискация кылына турган үйдү жер тилкеси менен кошо мыйзамсыз "Г.Э" жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп бергендиги аныкталган.

"Н.Ж.нын мүлктү мыйзамсыз камактан чыгаруу чечими мамлекеттин пайдасына алынуучу мүлктүн 3-жактарга сатылып кетишине алып келген. Н.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешинин дисциплинардык комиссиясынан уруксат берилди. Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 31-январында мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү аянты 1,28 гектар жердин сатылып кетишине Мамлекеттик каттоо кызматынын да катыштыгы бар экени айтылган эле. Буга байланыштуу Башкы прокуратура ошол кездеги Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди жумушунан алууну өкмөткө сунуштаган.

Ошол жылдын июнь айында Сарпашев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.02.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
таза соттогула карга карганын козун чокубайт кылбай
08.02.2019. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунусун соттосо башкасы келет. Оорун алмашуудан сумма өзгөрбөйт.бизде сүттөн ак сот жок болсо керек. Алалсынган молдонун үйүнөн камандын бащы чыгат дегендей.
09.02.2019. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөгү оруп калбасын чоңдорго иш козголсо эле ооруп калчы эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: