super.kg logo

Австралиялык окумуштуулар: "Аарылар математикалык эсептерди чыгаруу жөндөмүнө ээ"

 

Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда бал аарылар математикалык эсептерди чыгара алышат. Бул тууралуу илимий журналдардын бири жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, австралиялык окумуштуулар бал аарылардын математикалык эсептерди чыгарып, кошуу жана кемитүү амалдарын аткара алышарын аныкташкан. Жалпысынан аарылардын мээсинде болжол менен миллионго жакын нейрондор математикалык эсептерди чыгарат. Салыштыруу иретинде айта турган болсок, адамдын мээсинде 90-95 миллиард нейрондор бар.

Мельбурн технологиялык университетинин окумуштуулары 14 аарыны 1 кирүүчү жана 2 чыгуучу тешиги бар Y-түрүндөгү лабиринтке жайгаштырышкан. Аарыларга лабиринттин кире беришинен көк жана сары түстөгү геометриялык фигураларды: ромб, айлана, үч бурчтук, төрт бурчтуктарды көрсөтүшкөн. Көк түс кошуу, ал эми сары түс кемитүү белгисин билдирген. Лабиринттин ичинде аарылар көрсөтүлгөн 2 сүрөттүн ичинен туура жообун тандаса, сыртка чыгуучу оң жана сол тешиктердин бири ачылмак. Жүздөгөн аракет жана 4-7 сааттык убакыттан кийин гана аарылар көк түс кошуу, ал эми сары түс кемитүү экенин түшүнүшкөн.

"Эксперименттин жүрүшүндө коюлган тапшырмалар аткарылып, арифметикалык иш-аракеттерди дагы чечишти", - дейт өз сөзүндө илимий изилдөө жетекчилигинин доктору Скарлетт Ховард.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.02.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдук го...
08.02.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы анча-мынча окуучуларга караганда баштары иштейт экенда.
08.02.2019. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Математик үчүн бал челектеги уяларын геометриялык фигура кылып, баарын
бири бирине окшоштуруп жазап атышпайбы. Бир көзү башкача болуп калбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: