super.kg logo

Талкууда катышуучулар "Бишкектеги жолдорду оңдоо үчүн 4 миң дарактын кыйылуусуна каршымын!" деген сөздү кубаттап кол чабышты

 

"Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы бак-дарактардын кыйылуусуна таптакыр каршы", - деп талкууда аталган мекеменин жетекчиси Эльнура Жолдошева сөзүн баштады. Мындай пикирин ал бүгүн, 8-февралда "Жолдорду оңдоо үчүн сөзсүз эле бак-дарактарды кыюу керекпи?" деген суроонун алкагындагы талкууда айтты.

"4 миң бак-дарак... Эмне деген сан? Бир гана Жашылдандыруу ишканасы бул санды жон териси менен сезип, канча дарак экенин реалдуу элестетип жатат. Бул өтө көп. Бул жерде бак-даракты кыюуну комиссия дагы карашы керек. Мындан тышкары кайсы көчөдөгү кайсы бак-даракты кыюу керектиги боюнча ошол аймактын жашоочуларынын да пикирин угууну сунуштайм. Коомчулуктун макулдугу менен гана биз макул боло алабыз.

Моюнга алабыз, шаарда эски бактар да бар экенин билебиз. Биз баарын өз учурунда жөнгө салуу аракетин көрүп жатабыз. Бирок ошол 4 миң бак-дарактын баары эле карыган дарактар эмес. Арасында жаңы отургузулгандар да бар. Биз мурда кетирген катачылыкты кайталабоо үчүн ар бир даракты кыюуга кылдат карайбыз", - деди Жолдошева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
09.02.2019. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азырынча,бактарды кыйыш керек болбогон жолдорду эле сапаттуу оңдоп бүтүп тургулачы,баштап коюп,эки үч ай таштап коюп дегендей кылбай...
09.02.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле айтып койгулачы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: