"Сүйүү жана көгүчкөндөр" тасмасындагы Митя байке - орусиялык актёр Сергей Юрский каза болду





Бүгүн, 8-февралда Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актёру Сергей Юрский каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. Буга чейин белгилүү болгондой, декабрь айынын аягында ал ооруканага жаткырылган. Анын жүрөгү токтоп калганы айтылды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-февралда эртең менен актёр 84 жашында каза болгон. Алгач, бул суук кабарды Моссовет атындагы мамлекеттик академия театрынын басма сөз кызматы кабарлаган. Маркум аталган театрда режиссёр болуп эмгектенген.
Сергей Юрский 1935-жылы Ленинградда төрөлгөн. Актёр катышкан белгилүү тасмалар; "Сүйүү жана көгүчкөндөр", "Алтын музоо", "Жолугушчу жерди алмаштырууга болбойт" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан. Юрский ошондой эле үнү менен да таанымал болгон. Ал заманбап жана классикалык авторлордун чыгармаларын окуп, жазылган үнү фонддордо сакталып келет.


Мыкты актёр эле.