super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аалы Карашев: "Экономиканы көтөрүү боюнча идеясы бар адам өкмөт башчылыкка келсе жакшы болмок"

 

8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген соболуна депутат Аалы Карашев жооп берди.

Эл өкүлү бул кызматка татыктуу кишилер көп экенин айтты.

"Премьер-министрликке тажрыйбасы бар, бардык тепкичтен өткөн кишилер келсе жакшы болот. Конкреттүү түрдө бул же тиги киши татыктуу деп айтсам туура эмес болуп калат го. Ким болсо дагы элдин жашоо деңгээлин жакшырткан, экономиканы көтөргөн, жаңы идея менен келсе жакшы болот эле. Инвестиция тартуу боюнча көрсөткүчтөр төмөнкү тепкичке түшүп жатат. Ошондуктан өкмөткө ыкчам иштей турган жетекчи келиши керек", - дейт Карашев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: